www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиядагы Volkswagen концернунун Оснабрюктагы заводунда Израилдин Rafael компаниясы менен биргелешип «Темир күмбөз» (Iron Dome) абадан коргонуу системасы үчүн жабдууларды чыгаруу планы убактылуу токтоп калды.

BILD басылмасынын маалыматына караганда, буга Катардын мамлекеттик инвестициялык фонду (QIA) каршы чыккан. Фонд Volkswagen компаниясынын ири акционерлеринин бири болуп саналат жана байкоочу кеңеште өкүлдөрү бар.

Маалыматка ылайык, Катар Израилдин коргонуу өнөр жайына көмөк көрсөтүү анын Жакынкы Чыгыштагы ортомчулук ролуна терс таасир тийгизиши мүмкүн деп эсептеп, келишимге тынчсыздануусун билдирген. Натыйжада долбоордун ишке ашуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бул келишим Европада заманбап абадан коргонуу системаларынын компоненттерин жергиликтүү өндүрүшкө чыгарууга багытталган.

Последние новости