www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Ал «Биринчи радионун» түз эфиринде Кыргызстанда ири долбоорлордун ишке ашырылышы менен жаңы жумуш орундар көбөйүп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, ошол эле учурда электрик, сантехник, токарь, жыгач уста сыяктуу техникалык адистер Германия баштаган өлкөлөргө иштөөгө кетип жатышат.

«Темир жолду жана гидроэлектр станцияларын куруу үчүн мындай квалификациялуу жумушчулар өзүбүзгө керек. Экскаваторчу, тракторчу болуп иштегендердин айлыгы 80–90 миң сомдон кем эмес. Көптөгөн тармактардагы эмгек акынын деңгээли Орусиядагы маянага жакындады. Албетте, эмгек миграциясы дүйнөлүк көрүнүш: биздин жарандар чет өлкөгө иштегени кетсе, чет элдиктер Кыргызстанга келип иштеп жатышат. Бирок кыргызстандыктар өз өлкөсүндө, үй-бүлөсүнүн жанында туруктуу иштеп жашаса жакшы болмок. Бул коопсуз да. Алар бул жерде ипотека алып, өз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошо алышат. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болсо, эмгек мигранттарын мекенине кайтып келип, ушул жерде иштеп, жашоого чакырам», — деди Кулубаев.

Министрдин маалыматына ылайык, учурда Нарындан Ысык-Көлгө чейинки курулуп жаткан темир жолдо Пакистандын, Бангладештин жана Кытайдын жарандары эмгектенүүдө.

«Өлкөдө жумушчу күчү жетишсиз болгондуктан, биз чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартууга аргасыз болуп жатабыз», — деп кошумчалады министр.

Последние новости