www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Россиядан сатып алынган С 400 зениттик ракеталык системаларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн Путин менен өткөн аптада сүйлөшкөнү айтылды. Бул кадам АКШ менен мамилени калыбына келтирип, F 35 аскердик учак программасына кайра кирүүгө багытталган.
Маалыматка ылайык, бул маселени президент Режеп Тайып Эрдоган Владимир Путин менен өткөн аптада Түркмөнстанда болгон жолугушууда көтөргөн. Бирок Кремль сүйлөшүүдө мындай сунуш айтылганын четке какты.
АКШнын Түркиядагы элчиси Том Баррак бул маселеде Түркия "жакында" чечимге келе ала турганын белгилеп, процесстин 4–6 айда аякташы ыктымал экенин белгилеген.
Бул кадам Түркиянын НАТО жана Батыш менен мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүү аракети катары каралууда.