www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 26-августка Түркия, Швеция жана Финляндия өкүлдөрүнүн НАТОго мүчөлүк процесси боюнча жолугушуусу пландалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Чавушоглу жолугушуу августтун аягына белгиленгенин айткан эле.
“Жыйын 26-августта болот", — деди министр.
Эске салсак, май айында Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан. Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болгон, бирок ушул жуманын башында Хельсинки, Стокгольм жана Анкара коопсуздук меморандумуна кол коюшкан. Анда Түркиянын бардык кооптонуусу эске алынган. Түркия өз кезегинде Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго киришине каршы пикирин кайтарып алган.
Булак: NazarNews.kg