www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юрий Низовский а дегенде эле алгачкы ажо Аскар Акаевдин канатынын астында жүргөнүн билчүмүн. Эми кандай болгондо да баарын тергөө амалдары аныктайт. Мындай пикирин коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев NazarNews маалымат агенттине берген маегинде билдирди.

--Мурат аба. №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганы коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Бул нерсе коррупциялык схема мектептерге чейин жеткенинен кабар береби же кызматтан кеткиси келбеген директорлорго ушундай мамиле жасалып жатабы?

-- "2003- жылдары Ысык-Көл облусунун агартуу кызматкерлери иш тажрыйба алмашуу максатында Бишкектин мектептерин кыдырып бир шумдук деген мектепке барсак, мектеп директору улгайган эже экен. Кирсек креслодо тамекисин буркуратып отуруптур, "силерди мектепке киргизбейт элем, губернаторуңар өзү суранганынан мейличи дедим",- деп араң уруксаат берген. Ошондо, ошол эжейдин кол сааты эле 25 миң доллар дегенин угуп оозубуз Ошту карап калган. Чыны кээ бир директорлорду миллионер деп укчубуз. Ал эми Низовский а дегенде эле алгачкы ажо Аскар Акаевдин канатынын астында жүргөнүн билчүмүн. Эми кандай болгондо да баарын тергөө амалдары аныктайт. Ага чейин көзү ачыктык кылбай туралы. Бул директор былтыр мамлекеттик сыйлык алса керек. Ошондуктан сыйлык берүүчү бөлүм изилдеп туруп, сыйлыкка көрсөтүшү керек эле. Эми коррупциясы аныкталса сыйлык бергендер "не удобно" болуп калышпаса эле болду", - деп билдирди Мурат Жетимишбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости