www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Сергей Слесарев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан жана Юстиция министрлигинен Алмазбек Атамбаевге Москвага дарыланууга уруксат берүүнү өтүнөт.

Жактоочу билдиргендей ал колониядагы экс-президентке барган. Ал абдан арыктап, өңү кубарып, өзүн алсыз сезип, ден соолугуна нааразы болгон.

Слесарев Атамбаевге тез арада медициналык жардам керек экенин белгилейт. Тиешелүү структураларга бардык керектүү документтерди тапшырды.

"Алмазбек Атамбаев күндөн-күнгө алсырап, абалы оорлоп баратат. Ал эчак эле качып кетүүгө ниети жок экенин далилдеген. Менимче, бул адам өз мекенине берилгендигин далилдеди. Москва клиникасынын дарыгерлери анын абалын билишет жана алар дагы медициналык жардамга муктаж деп эсептешет. Биз бул маселени көптөн бери көтөрүп келебиз, бирок азыр создуктурууга болбойт. Биздин эсибизде, Өмүрбек Бабановго дарыланууга уруксат берилген. Эмне үчүн Алмазбек Атамбаевге уруксат берилбейт?», - деди Слесарев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости