www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Сириядагы операциясын качан баштаарын айтты

Түркия зарыл деп тапкан учурда Сирияда кургактыктан операция жүргүзөт. Бул тууралуу Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын билдирди.

«Операцияны каалаган убакта, бүгүн, эртең, бир жумадан кийин жасоого болот. Ал үчүн баары даяр. Керек учурда башталат», - деди Калын.

Белгилей кетсек, буга чейин ал түрк бийлиги өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат сурабай турганын билдирген. Калын ошол эле учурда өкмөттүн Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү аракеттерин шериктештер менен сүйлөшүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Түркия 20 жана 21-ноябрь күндөрү Pençe-Kılıç операциясынын алкагында Сирия жана Ирактын аймагына абадан сокку урган. Анкара Стамбулдагы жакында болгон терактка катышкан күрт согушкерлеринин базаларын жок кылууну иш-аракеттердин максаты деп атады. Коргоо министри Хулуси Акар аба күчтөрүнүн Ирак жана Сирияда 326 террористти жок кылганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости