www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 30-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -4…+1 градус, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости