www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда токой өртү үч провинцияга жетти. Өрт Анталия, Маниса жана Кахраманмараш курортторун каптаганын МИР 24 телеканалы билдирди.

25-июлга караган түнү республиканын бийликтери Анталия, Маниса жана Кахраманмарашка жеткен токой өрттөрүн жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат беришти.

«Анталия аймагындагы Кас, Кемер жана Ташайл райондору менен Маниса провинциясына караштуу Саруханлы айылы менен түштүк-чыгыштагы Кахраманмараш облусундагы өрт очокторунда талыкпаган аракеттерибиз уланууда»,-деп айтылат Түркиянын Токой чарба башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Ушул айдын башында токой өрттөрү курорттук Бодрум шаарына жакындаган. Хатай провинциясындагы чоң  жалынды өчүрүү үчүн авиация тартылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости