www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, маданий иш-чарага Маданият министри Алтынбек Максутов, биринчи айым Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган кадырлуу коноктор, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери катышты.

"Бул иш-чара биздин өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чыгармачылык байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле, Кыргызстандагы маданиятты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенем. "Ала-Тоо симфониясы" жайкы чыгармачылык мектеби – бул уникалдуу долбоор. Республиканын окуу жайларынан катышып жаткан мектептин окуучулары Россиянын музыка академиясынын алдыңкы профессорлорунан сабак алууга мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан, маданиятты үзгүлтүксүз колдоого алган биринчи айымыбыз Айгүл Жапаровага жана Россиянын Гнесин атындагы музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган өкүлдөргө ыраазычылык билдирем", - дейт министр.

Ал эми, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Россиянын Гнесин атындагы музыка академиясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык сөзүн айтып, мындан ары мындай иш-чараларды байма- бай өткөрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Андан соң, көрүүчүлөргө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин жана Россиядан келген бир катар опера ырчыларынын аткаруусундагы классикалык чыгармалар тартууланды.

Эске салсак, иш-чара бүгүн кечинде "Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда уланып, алгачкы жолу көгүлтүр көл жээгинде П. Чайковскийдин "Ак- куу көлү" балети ачык асман алдында тартууланат.

Ал эми, 25-29-июль күндөрү жайкы мектепке катышкан музыкалык мектептердин окуучулары фортепиано, скрипка, кларнет, жеке ырдоо, хор менен ырдоо адистиктери боюнча Россия музыка академиясынын окутуучуларынын лекцияларын угушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости