www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармакта жардамга чакырып жаткан аялдын видеосу тараган.
Тактап айтканда, Бишкек шаарында баласы менен «Мерседес-Бенц Спринтерде» отурган аял ыйлап, жардамга чакырган.
Видеонун автору айдоочудан аялды бошотууну талап кылган, бирок айдоочу унаасын айдап кетип калган.
Бул факт боюнча Ленин районунун милиция кызматкерлери тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүп, «Спринтердин» айдоочусун — 1986-жылы туулган А.К.ны маектешүүгө чакырышкан.
Бирок буга чейин жардам сурап жаткан К.Н. милицияга барганда арыз жазуудан баш тарткан. Ал айдоочу күйөөсү экенин билдирген.
К.Н. арыз жазуудан баш тартканына карабай ага коргоо ордери берилген.
Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды мамлекеттик коргоого алуучу жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзамдар менен аныкталган таасир берүү чараларын көрүүгө алып келүүчү документ.
Булак: NazarNews.kg