www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-сентябрда Түркиянын Измир шаарында кыргызстандык Эрмек Сабыржановго байланыштуу соттук териштирүү өтүп, ал сот залынан бошотулду.

Ага Кыргызстанга кайтууга уруксат берилген. Бул тууралуу анын жубайы Аделина Касымова билдирген.

Анын айтымында, Сабыржанов 1-2 күндүн ичинде Кыргызстанга кайтып келет. Соттун анык кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз.

34 жаштагы Сабыржанов быйыл май айында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунан жубайы жана үч баласы менен Түндүк Кипрге бара жатканда кармалган. Ал Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына байланышы бар деген шек менен камакка алынган.

Сабыржанов Түркияда 2014-жылы Измир шаарында билим алган.

Последние новости