www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 9-сентябрдагы түштөн кийинки жыйыны кворум болбогондуктан токтотулду.

Парламенттин «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө депутат Нилуфар Алижанова күн тартибиндеги маселелерди түшкү тыныгуусуз кароону сунуштаган. Анын сунушун 28 депутат колдоп, каршы добуш берилген эмес. Бирок демилге өтпөй, жыйын саат 14:00гө чейин тыныгууга кеткен.

Түшкү тыныгуудан кийин жыйынга 37 депутат гана катталды. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Медербек Алиев дагы беш мүнөт күтө турууну сунуштады. Ал депутаттык фракциялардын катчылыктарына депутаттар келбеген учурда жыйын токтотулары тууралуу алдын ала маалымат берилгенин белгиледи.

Бирок белгиленген убакытта кворум түзүлгөн жок. Натыйжада Медербек Алиев жыйынды жабык деп жарыялады.

Белгилей кетсек, түшкө чейин министрликтердин жетекчилик кызматтарына талапкерлерди кароо жана алардын президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант берүүсү учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары дээрлик толук курамда катышкан.

Последние новости