www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядагы кырсыктан жабыркаган 12 казакстандыктын экөөнө операция жасалып, алардын абалы орто, калган жарандардын абалы канааттандырарлык, деп билдирди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров.
Анын айтымында, Аланияда Казакстандын 12 жараны бараткан кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы жекшемби күнү эртең менен болгон. Түрк полициясынын алдын ала маалыматы боюнча, автобустун айдоочусу жүк ташуучу унааны катуу ылдамдыкта келип сүзгөн.
"Казакстан Республикасынын 12 жаранынын экөөсүнүн абалы орточо оор. Аларга операция жасалып, бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Калган 10 мекендешибиз, анын ичинде төртөө жаш баланын абалы канааттандырарлык, өмүрүнө коркунуч жок. Баарынын медициналык камсыздандыруусу бар», - деди Смадияров журналисттерге.
Ал кошумчалагандай, Анталиядагы казакстандык дипломаттар кырсыктан жабыркаган жарандар менен тынымсыз байланышта болуп, тиешелүү иштерди аткарып жатышат.
Булак: NazarNews.kg