www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралга карата Түркияда жер титирөөдөн 108 миң 68 адам жабыркады.

“Өткөн түнү Элазыг провинциясында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду. AFAD билдиргендей, жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости