www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам калаа тургундары таза суусуз калды. Таза суу кечээ, 17-февраль күнү түшкө жакын токтотулган.

Шаардыктар адатынча желим бөтөлкө, чака- чайнек, челек жана башка суу ташуучу идиштер менен суу издеп көчөгө чыгышты.

Буга чейин Ош шаардык мэриясы Папан суу сактагычына жакын жайгашкан жылгалардан майда сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болсо, анда шаарга таза суу берүү токтотула турганын айтып келген.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында таза суу маселеси чечилбей курч бойдон калууда. Бул көйгөй түрдүү нааразылыктарга себеп болуп келет.

Буга чейин Ош шаарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө бир канча жолу маселе көтөрүлүп, эки ирет долбоор иштелип чыккан. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам ал демилге ишке ашпай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости