www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолу "жаңы доор" тууралуу өлкө президетинин уулу Сердар Бердымухамедов жарыялап, аны "Эгемен өлкөнүн кайра жаралуусунун жаңы доору" деп атады.

Ал өкмөттүн жыйынында "Эгемен өлкөнүн кайра жаралуу доору: Түркмөнстандын 2022-2052-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн улуттук программасы" деп аталган долбоордун даярдалышы боюнча атасына отчет берди.

Маалыматка караганда, аталган программада жакынкы 30 жылдагы өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүн камсыз кылуу, макроэкономикалык жана каржы туруктуулугун сактап калуу, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана башка максаттарга жетишүү каралган. "Улуттук программа" деп аталган бул документ өлкө парламентинин 11-февралдагы кезексиз сессиясында талкуулангандан кийин басылмаларга жарыяланат деп күтүлүүдө.

"Жаңы доор" тууралуу билдирүү президент Гурбангулы Бердымухамедов келечекте өлкө Конституциясын кезектеги жолу өзгөртүү "зарылдыгы" жөнүндө айткан учурга туш келди. Бирок мамлекет башчы уулу жарыялаган "кайра жаралуунун жаңы доорунда" баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилиши керек экенин так айткан жок.

Түркмөнстан акыркы бир нече жылдан бери оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Калктын жашоо деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, өкмөт өлкөнүн экономикасы жогорулап жатканын билдирип келет.

Активисттер көптөгөн жылдардан бери түркмөн бийлигин жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланбоого жана коррупцияга айыптап, калкты социалдык жактан коргобой, чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын маселелелерине көңүл бурбай жатат деп сындап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости