www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Атасынын таягынан энесин коргогон баланын видеосу

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борбору үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ролик даярдады.

Борбордун маалыматына караганда, 2021-жылдын ичинде өлкө аймагында зордук-зомбулуктун 7 миң учуру каттоого алынган.

"Никеге турган ар бир адам өнөктөшү үчүн, ортодогу мамилеге жана болочок балдары үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Эркек менен аялдын ортосундагы жылуу мамиле ишеним жана сый-урматтын негизинде түзүлөт. Талаш-тартыш ар бир үй-бүлөдө болот. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнө кол көтөрүүгө жол берилбеши керек", — дешти борбордон.

Сюжеттеги окуя республикадагы үй-бүлөлөрдүн биринде болгон. Сүрөт тартып жаткан бала аркы бөлмөдө ата-энеси урушуп жатканын угуп, эшикти ачса атасы энесин сабап жатканын көрөт. Бала өзүн "супермен" элестетип ортого түшө калат. Бирок атасы аны урганда дубалга башы менен тиет. Андан ары көрүүчүлөргө ооруканадагы окуя көрсөтүлөт. Аял менен балага өзүн күнөөлүү сезген атасы келет. Ошондо баласы "Ата, сиз менин колумду эмне кылдыңыз? Эми мен кантип сүрөт тартам?" деп суроо салганда эркек киши айтарга сөз таппай көзү жашылданып туруп калат. Бир маалда ал чоочуп ойгонот, көрсө жогорудагы окуя анын түшү экен.

Ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борбору үй-бүлөлүк зомбулукту ачыкка чыгаруу уят эмес экенин белгиледи. Тескерисинче, көйгөйдү жашыруу өтө коркунучтуу. Себеби анын арты оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости