www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин №27 колониядан бошотулушу боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, эгерде сот, укук коргоо органдары чечим чыгарган болсо, анда чечимге баары баш ийиши керек.
"Биз мыйзамды чегинде жана ага сый мамиле жасоо менен жашоого үйрөнүшүбүз керек. Өткөн жылы сот Атамбаевди мектептин салынышы, Октябрь окуясы жана чет өлкөлүк жарандарга кыргыз жарандыгын берүү боюнча козголгон кылмыш иштеринен актаган. Ошол кезде дагы мен дал ушундай пикирди айткам.
Кыргызда түрмөдө жыландын баласы да жатпасын деген кеп бар. Мен менин душмандарым дагы абакта жатышын каалабайм. "Мен ар дайыма сабырдуулар менен кечиримдүүлөр тараптамы", - деп жараткан Кудай пайгамбарыбызга айткан экен. Биз кечиримдүү болушубуз керек. Жаратканга чын дилибизден ишенсек гана ишибиз оңунан жылат", - деп билдирди президент.
Булак: NazarNews.kg