www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандынын алдында 212 саат бою жаткан аял киши куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15- февралда «Anadolu» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркиянын түштүк-чыгышындагы Адыйаман провинциясында куткарылган 77 жаштагы Фатма Гюнгёр ооруканага жектирилди.

Соңку маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 35 418 адамга жеткенин президент Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Бул 1939-жылдагы жер титирөөдө каза тапкан жарандардын санынан өттү, деп маалымдайт «Аljazeera».

Эскерте кетсек. 6-февралдагы күчү 7,8 жана 7,7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепеттеринен кийин издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости