www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын кызматкерлери менен биргеликте абактарга кара куурай таратуу менен алектенген баңгизат сатуучуга бөгөт коюшту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн атайын операцияда Чүй облусунун Москва районунда 2003-жылы туулган С.Ж. аттуу «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтотулган. Унааны текшерүү учурунда алдыңкы оң жагындагы отургучтун астынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү скотч менен оролгон, 3 түрмөк кара куурай табылып, алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 3 кг 100 граммды түзгөн кара куурай чайыры «гашиш» болгон. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости