www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда камакта жаткан кыргызстандык жарандын тагдыры тууралуу кабардар. Бул тууралуу "Азаттык" мекеменин сайтына шилтеме жасоо менен билдирди.

Анда ТИМ жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги коңшу мамлекетте камакта жаткан Кубатбек Юлдошев кармалган мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки процессуалдык иштери, мөөнөтүн өтөп жаткан мекеме жана ал жерде кармоо шарттары жөнүндө толук маалыматка ээ экенин кабарлайт. Министрлик ошондой эле Юлдошевдин энеси, бир тууганы менен тыгыз байланыш кармап, аларды такай маалымдап турарын да тактады.

Маалыматта айтылгандай, Кубатбек Юлдошев Тажикстандын Исфара районунда 1988-жылы туулган жана кийин Кыргызстандын жарандыгын алган. Аны 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары ылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттогон.

ТИМ Дүйшөмбү шаарындагы кыргыз элчилиги Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен аталган жаранды Кыргызстанга которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте, эл аралык келишимдерге ылайык керектүү ишти улантып жатканын билдирет. Министрлик кыргыз жараны Юлдошевге коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу аны Кыргызстанга которууга адаттагыдан кошумча мөөнөт талап кылынарын түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин 7-марттагы жыйынында парламенттин депутаты Султанбай Айжигитов коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын Кубатбек Юлдашев аттуу жараны кармалып, камакка алынып турганын айтып, кыргыз өкмөтүн ага көмөктөшүүнү талап кылган. Эл өкүлү аталган жаран мурда Кыргызстандын жарандыгын алганын, 2022-жылы Тажикстандагы ата-энесинен кабар алганы барып кармалганын тактаган. Депутат кеп болуп жаткан жаранга “тыңчылык” боюнча айып коюлуп, 13 жылга соттолгонун да билдирген.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгону маалым болгон.

2022-жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы кабарланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

2022-жылдын июль айында алардын ичинен 11 кыргыз жараны тажик абагынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган. Алар Кыргызстандын аймагында кармалып, соттолгон 11 тажикстандыкка алмашылганы маалым болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Последние новости