www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт ай окуган жарандарга убактылуу күбөлүк берилет

Министрлер кабинети айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин өзгөртүп, документтин жаңы түрүн — убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизип жатат.

Токтомго ылайык, бул документти автомектепте кеминде төрт ай окуган жана квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган жарандар ала алышат. Күбөлүк Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта таризделет.

Жаңы эрежелердин негизги шарттары:

  • Убактылуу күбөлүк Кыргызстандын гана аймагында жарактуу болот жана узартуу укугусуз 6 айлык мөөнөткө берилет.

Толук кандуу улуттук айдоочулук күбөлүктү убактылуу документтин аракеттенүү мөөнөтү ичинде Жол кыймылынын эрежелерин үчтөн аз жолу бузган (ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери тарабынан протокол же токтомдор менен катталган) айдоочулар гана ала алышат.

Эгерде айдоочу ушул убакыт ичинде Жол кыймылынын эрежелерин үч же андан көп жолу бузса, убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылат. Аны менен бирге автомектептен окугандыгы тууралуу маалымкат да өз күчүн жоготот. Натыйжада, жаран автомектепте кайрадан башынан окуп чыгууга милдеттүү болот.

Министрлер кабинети бул өзгөртүүлөр айдоочуларды даярдоо тутумун жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин өркүндөтүүгө багытталганын билдирди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, 2025-жылдан тарта Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү берүү саясаты олуттуу өзгөргөн. Жеке менчик автомектептер жабылып, мамлекеттик мектептерде окуу мөөнөтү кыйла узартылган.

Последние новости