www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Узундугу 15,64 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Курулушта 123 атайын техника жана жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Учурда жол жээгин тазалоо жана бадалдарды жулуп тазалоо, жер жумуштары аткарылууда.
Курулуш алкагында 791 миң м³ казылган топурак үймөккө чыгарылып, карьерден алынган материалдар менен 76,4 миң м³ жер тосмосу курулду.
Өрнөк айылында асфальт-бетон заводу жана майдалоочу-сорттоочу орнотмо мобилизацияланып, битум кудугу даярдалды.
Долбоор боюнча 45 суу өткөрүүчү түтүк каралган. Ал эми ПК 35+51 дарегиндеги көпүрөдө тирөөчтөрдүн астын казуу иштери дээрлик аяктап калды.