www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом каралган.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, аталган каражаттын эсебинен 186 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатып алынды. Анын ичинде:
• кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
• жайыт райграсы — 28 878 кг;
• шалбаа бетегеси — 42 026 кг;
• эспарцет — 86 658 кг.
Алынган үрөндөр өлкө аймагындагы түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталып, мал чарбачылыгынын тоют базасын бекемдөөгө, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга кызмат кылат.
Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.