www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттер 30 жыл бою даап кыла албаган ишти кылды, ал Кумтөр маселесин ордунан жылдырды. Кумтөр кениндеги мамлекет менен элдин кызыкчылыгын ордуна кайтарууга күчүн жумшап жатат.

Канадалыктардын «Центерра» компаниясы президентибиздин бул иш аракеттерине каршы арбитраждык сотко кайрылып көрүштү, анткени алар кыргыз элинин байлыгы болгон алтын кенинен дагы да болсо ажырагылары келишкен жок. Бирок кыргыз эли өз багытында бекем турат. Кендеги жумушчулар канадалык инвесторлордун казылган алтындын өлчөмүн элден жашыргандыгын белгилешти. Алар азыркы казылып жаткан алтындын көлөмү менен мурдагыны салыштырышып жакаларын кармашты. Алар оңбогондой көп алтын казып алышып, ошол эле учурда Кыргызстан үчүн итке сөөк ыргытканчалык гана үлүш беришкен. Чындыгында казылган алтындын өлчөмүн жашырып келишкен.

 «Кумтөр» боюнча эчендеген комиссиялар түзүлгөн болучу убагында. Бирок алардын канчасы эл үчүн жана канчасы «Центерра» үчүн иштешкендиктерин эл билет.

Эл байлыгын элге кайтаруудагы аракеттери үчүн азаматтарыбыз мурдагы бийликтин саткындарынын бут тосууларына кабылган. Бийликке келген Садыр Жапаров учурда алтын кени үчүн күрөшүп жатат, ал кенди эл үчүн иштетем деген багытынан тайган жок. Акылбек Жапаровдун комиссиясы экономикалык, экологиялык мыйзам бузууларды ачыктады. Азыркы учурда бир катар саясатчылар, атка минерлер сурак берип жатышат бул иш боюнча.

Ошол эле учурда алтын кенинин иши да токтогон жок. Кендеги жумушчулардын айтымында кен казуу кадимки ыргагынан жазбай иштеп жатат. Адистер жеринен текшерүү иштерин күчтөп жатышат. Айлык акы кадимкидей төлөнүп, жумушчулар мурункудай эле иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости