www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башталганда эле Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө Cameco 4% акцияларды белекке берген, бул акциялар Торонто шаарындагы биржаларда 44,6 млн долларга бааланган. Ал кезде бул акчалардын наркы өтө чоң болгон. Акаев өзүнө ыйгарып алган баалуу кагаздар 2003 жылы жаңы түзүлгөн Centerra Gold компаниясына салынган. Ошол жактагылар 2004 жылдын 12 майында австралиялык Central Asia Gold компаниясы 3 млн 833 миң доллар көлөмүндөгү акча каражатын которгон. Бул акчалар да жаңы түзүлүп жаткан Centerra Gold компаниясынын кошумча баалуу кагаздарынын эсебинен келген. 2004-жылдын 28-июнунда «Центерра» түзүлгөн соң Камчыбек Сурабалдиевич жетектеген «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу Латвиянын борбору Рига шаарындагы «Айзркрауклес» банкы аркылуу Акаевдин үй-бүлөсү контролдогон «Эккерд» компаниясына 11 млн долларды эч мыйзамсыз которгон.
Кумтөрдө кокус кырсык болуп калса деген шылтоо болгон. Бул тууралуу Акаев билген: «Президент эсепчи эмес, президент-мамлекеттин саясий жетекчиси, мен финансы министри болгон эмесмин» деген шылтоо менен суудан кургак чыккан. Бул жерде иттин өлүгү жыттанып турганы акча көз ачып жумгуча тездик менен чет мамлекетке которулат, мындай компенсациялык төлөмдөр, эгер кырсыктын алдын-ала төлөгөн болсо. атайын банктарда төлөнүш керек. Аскар Акаевдин үстүнөн «Кумтөр» кени боюнча 2005-2010-жылдары жана 2013-жылдары кылмыш иштери иликтелген. 2003-2004-жылдары канадалыктар менен түзүлгөн келишим коррупциялык негизде түзүлүп, мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эмес.
«Кыргызалтын» ишканасын Камчыбек Сурабалдиевич жетектегени менен ал ооруканада дарыланып, «безсознание» жаткан. Ага карабай ага келишип, колун койдуруп кетишкен. Бул тууралуу 2013-жылы тергөөдө маалым болгон. Өтө оор ахыбалда жаткан Камчыбек Сурабалдиевич бул акча каякка которулуп жатканын билген да эмес. Экспертизанын негизинде Акаевдин жакын адамдары ал эси ооп жатса да кол койдурушуп, 11 млн доллар бул эсепке которулары менен жок болгон. Экспертизанын айтымында Акаевдик бийлик бул акчалардын көзүн тазалаган. Бул акчаны кантип бөлүштүргөнүн ким билет. Бул иш боюнча Акаевден тышкары ошол кездеги финансы министри Болот Абилдаевке, анын орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевке, МЧС министри Темирбек Акматалиевке кылмыш иши козголгон.
Бул 11 млн доллардан тышкары 4 млн доллардын изи сууган. Израилдин «Мушкат» компаниясы аркылуу иликтөөдө 2002 жылы Кумтөр боюнча бул келишимди түзөөр алдында Акаевдик бийликке Камеко 4 млн долларды «Кыргызалтын» аркылуу которгон. Бул акчалар да жиги билинбей дайын оту менен жок болушкан. Кийинчерек Камеконун айтуусунда бул акчалар салыкты алдын-ала төлөмдөр болгон. Алардын айтымында салыкты алдын–ала төлөшкөн. Шылтоо болбосо куруп калсын, булар салык төлөдүк деп коюшуп алтын кенин курутушуптур.
Ушул 4 млн долларды алаар алдында «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Камчыбек Сурабалдиевич Лондондогу «Атенеум» отелинде Эккерд оффшордук компаниясынын директору Жесси Грант менен жолугушкан. Виргиния аралдарында катталган Эккерд эгер Кумтөрдө кырсык болсо деп, 4 млн доллардын жоопкерчилигин өзү алат. Мындан тышкары Минфинге дагы келишим түзүү учурунда керектелсин деп 4 млн доллар которулган. Ал учурда 4 млн доллар деген валюта курсу боюнча укмуш акча болгон. Бул келишимдер бүткөн соң бул акчалар бюджетке кайтып келген. Бирок, кийинчерек бул акчалар деле Акаевдин айланасындагы ар кандай чыгымдарга кеткен.
Эми «Кыргызалтын» ишканасынын тарыхына сарасеп салалы. 1992-1999 жылдары «Кыргызалтын» ишканасын Дастан Сарыгулов башкарса, 1999 жылдан 2004 жылга чейин Камчыбек Сурабалдиевич жетектеген. Кылдат иликтеп көрсөк, кыргыз бийлигинин былыктары дал ушул жерде жатканына күбө болосуздар. Себеби, акционердик коом аталганы эле болбосо, бул мекеме баягы атың өчкүр Борис Бирштейн баш болгон канадалык ишкерлер менен кешиктеш болгон кыргыз бийлигинин айрым адамдарынын акча адалдоочу жайы экенинен деп шек саноого негиз бар.
«Кыргызалтын» мамлекеттик концерни 1992-жылы 15-декабрда Президенттин Указы менен уюшулган. Анын курамына «Южполиметалл» ишканасы, «Кыргызалтын» өндүрүштүк бирикмеси, Кыргыз тоо кен металлургиялык комбинаты, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч материалдар заво-ду, «Сред Аззолотоавтоматика» ишканалары кирген. 1993-жылы 18-январда Кадамжай сурьма жана Хайдаркен сымап комбинаттары концернге кошулган.
Өлкөдөгү ири ишканалардын башын бириктирип концерн түзүү демилгеси Б. Бирштейнге таандык экенин танууга болбойт. Анткени, Союздун маалында Кыргызстан сурьма, сымап өндүрүү боюнча биринчи орунду бербей келген. Адистердин айтканына караганда, согуш мезгилинде ар бир үчүнчү окко Кадамжайдын сурьмасы пайдаланылган деп айтышат. Ал эми 1980-жылдардын аягында Кадамжай сурьмяной комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаты өндүрүштүк көрсөткүчү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеп келген. Чынында ошол учурда экспорттук мүмкүнчүлүгү өтө күчтүү ишкана түзүлгөн экен. Концерндин программасында 1993-жылы – 1,5 т, 1994-жылы – 3,0 т, 1995-жылы – 4,5 т, 1996-жылы 110,0 тонна алтын өндүрүү каралган. Бирок, программанын башкы кемчилиги – долбоорду каржылоо маселеси камтылган эмес.
Бир топ киреше алып келе турган ишканалардын башын бириктирип «Кыргызалтын» концернин уюштуруу, Бирштейндин Украинага АГ «Украина», Россияга сунуш кылган «Рус» компанияларын түзүүнү көздөгөн долбоорун кайталайт. Болгону ал сценарийин Кыргызстанда эртерээк баштаган. Акаевге жөнөткөн сырдуу катында сунуш кылган, өлкөнү өнүктүрүү концепциясынын «ири экономикалык долбоорунун» бир пункту десек жарашат.
Бирштейн 1991-жылы сентябрь айында өз сунушу менен кайрылып жатса, ошол жылдын октябрь айындагы Указы менен . А. Акаев «Кыргызстан-Сиабеко» мамлекеттик-жеке менчик корпорациясын түзөт жана Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана экономиканы өнүктүрүү комитетинин уюштурат. Кийинки жылы «Кыргызалтын» концерни пайда болгон.
Концернди уюштуру «чу» дегенде эле, мыйзам бузуулар менен башталган. Ишканаларды «Кыргызалтындын» курамына киргизүүдө эмгек жамаатынын, жетекчиликтин пикири эске алынган эмес. Алысты болжогон так экономикалык программасы болбосо, кайда бармак эле? Концерн тар чөйрөнүн кызыкчылыгына кызмат кылып калган.
«Легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиясынын маалыматтарына таянсак, ошол учурда «Кыргызалтын» аркылуу ири суммадагы валюталык каражаттарын талаага чачканын тастыкташат. «Мисалга кайрылалы, «Кыргызалтын» мамконцерни валюталык эсебинен 2 млн. го жакын АКШ долларын; сарптаган (1991-жыл 27.09 – 1993-жыл 18.06 чейин); ал эми 1000000 доллар республиканын Президентинин фондусуна берилген; 20 миң доллар «Кыргызөнөржайкурулуш» банкына жардам катары берилген; 102 миң 120 доллар он жеңил машина сатып алууга сарпталган. 600 доллар «Кыргызалтындын» Президентинин эл аралык сүйлөшүүсүнө орнотулган телефонго корогон, ж. б. Ошентип, бир сөз менен айтканда негизги алтын казуучу тармакка бир да доллар кеткен эмес...» дейт маалыматта.
Сыртынан салабаттуу көрүнгөнү менен ичинен ирип жаткан бул ишкана, аттанганда эле «ээрге кыйшык» отурганы бизге маалым болуп отурат. Дагы бир көңүл бура турган жагдай бар, окурман. «Кыргызалтын» концерни 1992-жылы декабрда уюшулуп жатат. Ага чейин Президент Акаевге кеңешчи болууга үлгүрүп, Ак үйдүн жетинчи кабатынан орун алган чиновник Б. Бирштейндин «Сиабеко» фирмасы «Макмалалтын» кенин иштетүү боюнча кыргыз Өкмөтү, «Кыргыззолото» өндүрүштүк бирикмеси менен кызматташууга кол коюшкан. Швейцариялык компания 22,5 млн. доллар насыя берүүнү убада кылган. Кийин мунун баары, келишими баш болуп жалган болуп чыкты.
Ошондо парламенттик комиссияда «Кыргыззолото» ишканасынын башкы директорунун орун басары А. Т. Серебрянский мындай маалымат берген: «Сиабеко» менен болгон кызматташтык боюнча көптөгөн суроолор туулат. Фирма менен «Макмалзолото» комбинатын реконструкциялоо жөнүндө контракт түзүлгөн. Анда «Сиабеко» техника, технология жана кызмат көрсөтүү түрүндө 22,5 млн. доллар кредит берери каралган. Мөөнөттүн баары бүттү. Кредиттер болсо жок. Инвесторлордун өзү дагы көрүнбөйт. 1992-жылдын 25-майындагы контракт боюнча бөлүнгөн доллар 1992-жылы 16-июндагы контракт менен байланышбаган жана өз ара катышы жок. Алар сүйлөшүүлөрдүн эң алгачкы этабында жабдыктарды, техниканы сатып алуу жана өндүрүштү өнүктүрүү, анын ичинде эл керектөөчүтоварларды алуу үчүн убактылуу жардам катары берилген.
Ырасында эле, бул каражаттардын чоң бөлүгү (100 миң доллардан ашыгы) фирманын Израилде иштеген филиалы «Сиабеко-Трейдингге» товарларды сатып алуу үчүн чыгымдалган. «Сиабеко» алтын өндүрүш ишин жүргүзбөйт. Ошондуктан, ал фирма башка аткаруучуну тартууга аргасыз болору белгилүү. «Эмне үчүн мындай кызматташтык?» деген суроо пайда болгон. Анын үстүнө контракттын шарты Кыргызстан үчүн пайдасыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg