www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура тарабынан жер тилкесин берүүдө махинациялык фактылар аныкталды, келтирилген зыяндын суммасы 170 млн сомдон ашат.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Б.Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95га жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден-соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилип, 2002-жылы мэриянын токтому менен жер тилкенин мөөнөтсүз пайдалануу бөлүгү 49 жылга ижара шартына өзгөртүлүп, андан кийин 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулуп “А” жоопкерчилиги чектелген коомуна 83 520 200 сомго сатылган.

Ал эми, 2013-жылы аталган коом Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдык менчиктен жеке менчикке чыгартып, ага көп кабаттуу үйлөрдү куруп, андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды.

Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык жер тилкеси жеке колго өтүп, мамлекетке 173 000 000 сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКнын 319 (коррупция) жана 329 (кызматтык жасалмачылык) беренелери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости