www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысына COVID-19 диагнозу коюлду. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев өзү жергиликтүү ММКларга билдирди.

Анын айтымында, ПЧР тестинин жыйынтыгы оң чыккан. «Мен аконитти ичкениме үч күн болду, өзүмдү жакшы сезип калдым. Оорума байланыштуу азырынча аралыктан иштеп жатам», - деген чиновник.

Дегени менен бизге жеткен такталган маалыматтарга таянсак, көпчүлүккө жага бербеген министр COVID-19 илдетине чалдыкканы менен кабинетинде арак ичип жатканы белгилүү болду. Учурда коомчулук кооптуу абалда турганда министр үйүндө уу коргошун кайнатып ичип жата бербей, жумушунда «б.к» барабы? Кыргыз элим пейилибизден табалы, же жинди, же соо эмес тааныш аткаминерлерден качан арылат экенбиз ай-ай-ай…

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүү берилген. Азырынча эки короздун кыйкырганынан башка эч кандай майнап чыга элек…Ку-ка-ре-ку!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости