www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турчу иш сапары боюнча сын-пикир айткандарга экс-министр Камила Талиева "жеке пиарыңар тыйынга татыбайт, баатыр болбогулачы" деп зекиди. 

--"Чек ара көйгөйү бүгүн эле чыга калган жок. 

Сындаш оңой, чек ара маселесин “чемичкедей” чагып, фейсбукта “баатыр” болуп, президентке акыл үйрөткөнү мындан көп.

Биз, чек арада жашаган элбиз. Бала кезден бери эле тажик кошуналар менен канаатташ жашадык. Мындай согуш бир да жолу болгон эмес. Лейлектин Арка айылы менен Ходженттин (Ленинабад) Кистакозунун тажиктери соода-сатык, достук мамиле менен жашап келдик. Мен 50 жылдан бери билем.

Президенттин Тажикстанга боло турчу иш сапарын сындап, “нейтралдуу зонада жолук, жолукпа, ары жок" дегени да бар. Кайсы жерде жолукканы маанилүү эмес. Куру намысты бери койгулачы, туугандар! Фейсбукта жеке пиарыңар тыйынга татыбайт, баатыр болбогулачы! Эл кыйналды, чарчады, чек ара качан чечилет деп, күтө берип, ай караган текедей күтүп келдик. Чек арада жашап көрсөңөр, анан билесиңер! Бизге, элге чек ара чечилсе болду. Кан төгүлбөй, баасыз жерибиз бүтүн, элибиз төгөл болгону маанилүү!

Президентке дух берип, артында калдайган калкы колдоп берели, чек ара маселесин чечсин! Баткен, баарыбыздын, кыргыздын тарыхый жери! Тарыхый жерибизге душмандын бутун бастырбайлы, ок аттырбайлы десек “розовый очкилерди” чечип, маселени маалкатпай чечтирели!". - дейт Талиева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости