www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн сайын коронавирус аныкталып жаткан жарандардын 10-15 пайызынан оорунун клиникалык белгилери байкалбай эле. Бир адам коомдук жайларга барып, өзү билбестен башкаларга коронавирус жуктурушу мүмкүн. Бул тууралуу инфекциялык, паразиттик ооруларды алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева радиодон билдирди.
«Коронавирустун клиникалык белгилери өзгөрдү, азыр даам, жыт сезбей калуу деген жок. Ошондуктан айрым адамдар ооруп жатышканын билишпейт», - деди Оторбаева.
Анын айтымында, учурда жарандар коомдук жайларда, унааларда жана базарларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандыктан коронавирус жуктурган адамдар көп болууда.
«Биринчиден, штаммы өзгөрдү. Былтыр өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарынын, Сауд Аравиянын штаммдары катталган. Бул жылы Улуу Британиянын, Түштүк Африка Республикасынын жана Индиянын штаммы катталды. Биз анализ алып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун референс-лабораториясына жөнөттүк. Азыр жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Андан кийин гана өлкөдө кайсы штаммдар бар экенин айта алабыз», - деди Оторбаева.
Булак: NazarNews.kg