www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын полициясы президенттин коопсуздук кызматын убактылуу жетектеп жаткан директор Ким Сон Хунду камакка алды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Ким Сон Хун Сеул шаарындагы Улуттук иликтөө башкармалыгынын башкы кеңсесине суракка келгенден кийин кармалды. Коопсуздук кызматын убактылуу жетектеген директор мурда үч жолу суракка келбей койгон. Анын ичинде 3-январда президентти алгачкы жолу кармоо аракетинен кийин суракка келбегени аны камакка алуу боюнча ордер алууга негиз болгон.
Ким Сон Хун бийлик органдарынын өз милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылды деп шектелүүдө. Өзү кармалганга чейин ал коопсуздукту камсыздоого байланыштуу "мыйзамдуу милдеттерин аткарганын" айткан.