www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын акциясынын наркы кескин төмөндөп, 2 саатта 130 млрд доллардык чыгымга учурады, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 16,8 млрд долларынан кол жууду. Кечээ кечинде компаниянын акциясы 24% кулаган.
Буга дүйнөдөгү эң ири социалдык тармактын акциясынын наркынын өсүү темпинин жайлашы тууралуу маалыматтар терс таасирин тийгизген. Отчетко караганда компаниянын таза кирешеси 5,12 млрд долларды түзгөн, былтыр бул көрсөткүч 3,89 млрд доллар болчу. Ошол эле учурда Фейсбуктун кварталдагы тапкан акчасы 13,04 млрд доллар болуп, күтүлгөндөн азыраак болуп калган.
Компания социалдык тармакка кирген күнүмдүк колдонуучулардын санынын өсүшүн күткөн болчу. Былтыр колдонуучулардын санын күнүмдүк өсүшү 1,47 млрд адам болсо, быйыл 1,49 млрд адамды түзүп, 11% өсүүнү көрсөткөн – бул күтүлгөн көрсөткүчтөн төмөн деп табылган.
Bloomberg консалтинг компаниясынын белгилешинче, эгер социалдык тармактын акцияларынын баасынын төмөндөшү шаршемби күнү дагы улана берсе, анда Цукерберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингиндеги үчүнчү тизмектеги ордунан ажырайт. Ал бул орунга июлдун башында 81,6 млрд доллар байлыгы менен илинген болчу.
Булак: NazarNews.kg