www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадыр сыртында калбаган тың чыкма кадрлардын ичинде Туйгунаалы Абдраимов да бар экендиги толук түрдө тастыкталды. Чүйдүн биринчи адамына айланган моңолдор уурусундагы атка минердин кайрадан кызматка келишине ар кандай пикирлер токула баштады. Бири балансты кармоого карата жасалган аракет десе, экинчилери аны татыктуу талапкер сыңары жымсалдады. Ал эми Ишенбай Кадырбековдун, Эдил Байсаловдун куйкалары тырыша түшкөнү заматта байкалды. Анткени булар Туй акеге анчалык ичтери ак эмес.
Негизи жакын арада бул кишинин “боз айгырга” минери тууралуу добулбасты каккандар болгон. Ошол сурнайдын чыккан үнү туура “нотага” келди окшойт, сааты чыгып Абдраимов эч нерсени кыйраткан жок деген сыпаттамага алына баштаган Улан Карагуловдун ордуна жеңил отуруп калды. Албетте, регионалдык баланстан мурда кайсыл саясатчынын эл арасында барк-баасы канчалык деңгээлде экенине ириде көңүл бурулат.
Министрлик, элчилик, депутаттык “жүктөрдү” кезинде жонуна көтөрө алган киши оңой болбостур? Эки ирет БШКны деги ким жүгөндөп алганын көрдүк эле? Эмне деген күндө да бул адамдын коомчулукта орду бар десек куп жарашат. Баштын ичиндеги мээни туура багытка салып иштетүүнүн өзү утук болорун акылы бар адам танбайт. Демек, көрүнүктүү облуска кабелтең кадрдын дайындалышынан эле көп сырдын түйүнүн чечсе болот. Бул ирет да кеткен ажонун позициясын алсыздандырууга карата болгон шахматтык жүрүштү жон тери менен туйдук. Эми ошого жараша арабаны жакшылап тартып берсе экен Туй аке!
Булак: "Ачык сөз"