www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак көйнөк, кыкынган галстук, костюм-шым… Же айымдарыбыздын маскачан жүзү… Дискомфорт… Булар зыңгырап жүрүшсө эле чийимдерден чыгышпагандай, пакиза адамдардай көрүнүшөт эмеспи. Жипке тизилген шурулардай элестейт эй. Тилекке каршы, чоң инсандардын да оомал-төкмөл жашоосу болорун унутпайлы. Биз айрым эски күндөрдөгү «жиндиликтерди» дейбизби, жаза тайган жармач ирмемдерби, айтор, ар кандай сейрек көрүнүштөрдү эске салмакчыбыз. Балким, суроолуу жылмаябыз. Бул турмуш да…

1995-жылы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Ошондо Алмазбек Атамбаев, Иса Өмүркулов, Сооронбай Жээнбеков менен таанышып, достошуп калышат. Булардан ысык адамдар ошо кезде болгон эмес да. Агезде эле Атамбаев ачуу сүйлөп, көпчүлүккө жакпай калганы, асыресе, чындыкты айтканы менен өзгөчөлөнөт. Мындай шартта ызы-чуулар көп болуп турган.

Бир курдай Эмил Узакбаев менен Алмамбет Матубраимов жаалданып, Атамбаевге кол көтөргөнгө батынып калышканда, кайран Туйгун байке экөөнү эки жакка ыргытып, «Алмаз досума тийсеңер өлтүрүп коем» дегени ыраспы? Тагдырдын тамашасын кара, ушундай досун Атамбаев баалабай, кийин куугунтукка алып, БШКдан кетирип, чектен чыкты го? Эми ал өткөн күндөр, учурда Туйгун байке Аслан инисине каршы чыккан Ахматка ачууланып аткан кези…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости