www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустуна башчы болуп барган Туйгуналы Абдраимовдон Чүй элинин үмүтү абдан чоң. Айрыкча кадр маселесин жөнгө салып берсе деген тилектерин айтып жатышат. Мисалы, Панфилов , Жайыл районундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары коррупциялашып , мугалимдердин көкөйүнө көк таштай эле тийип келишет. Аларды кой деген кожо , ай деген Ажо жок. Ушул маселе аталган райондордо чоң көйгөй жаратууда. Ошону менен бирге облустагы кароосуз калган балдар үйлөрүндөгү маселе да абдан орчундуу. Жетим балдар үйлөрүндөгү абал абдан коркунучтуу десек да болот. Жетимдердин укугу корголбой келет. Социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыктарында коррупция гүлдөп кеткени маалым. Айрыкча Токмок шаардык Соц башкармалыкта иш жүрбөйт. Кызматчыларды иш ордунан табыш өтө кыйынга турат. Минтип отурса облус өнүкпөйт. Мына ушул сыяктуу майда жана маанилүү маселелер элдин негизги көйгөйү болуп саналат. Туйгуналы мырза элдин үмүтүн актайт деп ишенип туралы.
Булак: “Ачык Саясат”