www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туй аке мамлекеттик кызматта иштесе да өмүр бою бизнес менен алектенип келет. Ал тургай чоң кызматта иштеп турса дагы Кытайга, Иранга, Түркияга барып соодалашып жүргөн. Туй акенин Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акциялары бар. Туй аке аны 2000-жылдары Орусияга жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторунан сатып алган. Мамлекеттик кызматта иштесе кайсы акчаларына сатып алат? Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары эмес Кыргызстан бүт билишет. Туй аке кыймылсыз мүлктү, автоунааларды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра сатканга уста. Мунун баарын УКМКнын маалыматында жерден чукуп табышып көзүнө сайып көрсөтүшкөн.
Туй аке Абдраимов мыйзамсыз байыган фактылар аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. Андагы расмий маалыматта: «Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа жана ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган». Туй аке Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал губернатор кезинде манчыркап, журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.
«Супсулуу» губернатор күзгүдөн каранса эле 21 турак-жайы (16 элиталык батир), 16 автоунаасы, 18 жер «участогу», 3 фермердик чарбасы, 250 млн сомдук активи бар экен. 2019-жылдын 5-июнунда майрамдык намаздан соң Чүй облусунун Орок айылында кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда улуттар аралык жаңжаал чыгат. Бул жаңжаалдан улам 15 үй жапа чеккен. Көпчүлүгү терезелери талкаланып, үймөк чөптөр өрттөлгөн, милиция кызматкерлери 25-30 уюштуруучуларды кармап кеткен. Эки жаш жигит бирөө кыргыз, бирөө түрк-месхет экөөнүн ортосундагы чыр-чатак ушундай оор кырдаалга алып келген. 6-июнь күнү бул жерге келген ал кездеги Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов бир гана телеканалга маек берерин айткан. Бирок, ал ошол жерде турган журналисттердин биринин өңү суук экен, эч ким менен сүйлөшпөйм деп айнып кеткен. Ошондон соң «сулуу» губернатор социалдык тармактарда катуу талкууга алынып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Атамбаевди жамандап жүрүп бул мансапка жеткен Абдраимов Атамбаевдин туулган күнүнө карата үч жылкы союп, 110 миң кишини митингге чогултмак. Кишилер чогулса керек, бирок 110 миң эмес.
УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди.Тергөө учурунда Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн активдерин көбөйткөн. Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салганы белгилүү болду. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган.
УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады. Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир +5 турак-жай, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата5 турак жай, " курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган. УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган. Иш чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Мунун алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы айтылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg