www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маймыл чечеги оорусу Кыргызстанга да келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жергиликтүү басылмалардын бирине пикирин билдирген.
“Инфекция чек ара дегенди билбейт. Андыктан өлкөгө да келиши мүмкүн. Биз маймыл чечек оорусун алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүп, даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз”, – деди министр.
Алдын ала маалыматтар боюнча маймыл чечек оорусу дүйнөнүн 50 өлкөсүндө катталып, жалпы 3 миң 413 адам жабыркады.
Белгилей кетсек, 23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды.
Булак: NazarNews.kg