www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССР убагында бокс, каратэ менен 8 жыл машыгып, рукопашныйдан машыктыруучу болуп жүргөн адам ден соолугу чың, духу күчтүү болору белгилүү. Андай адам ЖОЖдо сабак берип, андан ары маданият мекемелерин жетектеп, райкомдун инструкторуна чейин өскөнү менен аким же анын орун басарлыгынан баш тарткан. 1995-жылдан тартып “тигинин тууганы, мунун досу” болуп отуруп, галстукчан бандиттер жогору жактагы мафияга баш ийип калышкан.
Тазалыкка, тактыкка, маданиятка көнгөн адам алдым-жуттумга азгырылган шылуундар менен кантип иштеше алат? Андан көрө карапайым элдин арасында жүргөн өйдө эмеспи. Бирок элдин, мамлекеттин абалы оорлоп баратканын көрүп туруп, карап турууга болбойт экен.
Мамлекетти башкарып алгандардын көкмээлигин көп жолу айтып, соттошконго чейин жеткенбиз. Элинжерин сүйгөн патриот адамдар тарабынан президенттер айдалып чыгып жатышты...
Бийликке келген Садыр Жапаров өзү мекенчил, патриот адам, Кыргызстан үчүн көп иштерди аткарууга киришти. Бирок жанында жүргөндөрү жараксыз экени айтыла баштады. “Калк айтса калп айтпайт” болуп, ачуу чындык калкып чыгууда.
Президенттин айланасына кооз сөздөрдү көркөмдөп айткан профессионал кошоматчылар толуп алышкан. Алар мурдагыларга да кошомат кылышып, ар кандай кооз идеяларын айтышып, аягында аңга түртүп жок кылышкан.
Кеп удулуна кайрылсак, Манас, Семетей, Сейтектен баштап жомок-санжыраларды айтып жүрө берген кыргыздарды АКШнын мамкатчылары көзөмөлдөп алышкан. Саясат, экономика, идеологиясы артта калган байыркы элдерди кандай жолдор менен жок кылууну пландаштырган капиталисттер идеологиялык согушун аяктап, куралдуу ачык согушка өтүшкөн.
Бирок жомок-санжыра айткан кыргыздар жакындап келаткан же болуп жаткан үчүнчү дүйнөлүк согуш менен иштери да жок. Жыйынтыгында, идеологиясы жок мамлекет карышкырлардын курчоосунда калган койлордун абалында болуп калды.
Бизге караганда орустар кыйын экен, ар бир жаранына тарбиянын түрлөрүн үйрөтүшүп, илим-билим, маданият, техниканы мээлерине куюп келатышат. Алардыкындай жер шарынын каалаган жерине таамай тийген 200 тонналык ракеталары бүгүн эч бир мамлекетте жок. Бизди талап-тоноп, каалагандай бөлүп алгысы келген капиталисттер орустардан корккон үчүн жандарын ооздоруна тиштеп отурушат.
Россия турганда Казакстан менен Кыргызстанга эч кандай коркунуч жок экенин көрдүк. Бирок, үйүгүшкөн кошоматчылар президентти көндүрүшүп, мектеп окуучуларына диң боюнча окутууну башташып, дээрлик караңгылыкка сүйрөгөнү калышты. Ушул керек беле?
Элестетип көрөлү, Россия президенти В.Путинди поптор өткөн кылымдарга жетелеп баратышканын. Андай болсо АКШнын асмандан издегени жерден табылмак. Диндин тарыхын окуган окуучулар ар кандай “агымдарга” чүмкөнүп алышып, кызыл кыргын болгону эч кимге керек эмес.
Динди мамлекеттен бөлүп таштаган Россия менен Кытай өнүккөн күчтүү державалар болуп чыгышса, диний өлкөлөр өнүкмөк тургай кырылышып жатканын президент Садыр Жапаров эске алышы керек.
Мисалы, эски бийлик убагындагы динчил фанаттардын наадандыгын педагогикалык жана психологиялык тесттен өткөрсө, жооптору өтө начар: кекчил, кежир, калпычы, куу, ачкөз, алдамчы, митайым ж.б.
Илгери машыктыруучуга баш ийбеген көкмээлер көчө бандиттери болуп кетишип, бирин-бири жок кылып турушкан. Бүгүн болсо президентке баш ийбеген коррупция менен мафиянын “разборкалары” күчөп, реформатор министр Алымкадыр Бейшеналиевди камакка алышты. Ким коррупцияга каршы чыкса, ал оңбой каларын көрсөтүштү.
Ошондуктан Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан кичинекей Кыргызстанга мурдагыдай коммунисттик система аба менен суудай керек. Бүгүнкү наадандыкты жоюунун бир гана жолу коммунисттик тарбия болуп эсептелет.
Булак: Азия News гезити