www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери жана Токмак шаардык ички иштер башкармалыгынын бир кызматкери (мурда Жалал-Абад ОИИБде да иштеген) Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен убактылуу ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Алардын баары Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 2019-жылдын апрель айында баңги затын саткан деген шек менен кармалган Токтогул районунун Торкен айылынын 29 жаштагы тургуну Абжал Нурубековго карата кыйноо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Шектүү күнөөсүн мойнуна албай, баңгизатын ага таштап коюшканын айтууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Абжал Нурубеков СБНОН кызматкерлери тарабынан кыйноолорго дуушар болгон: алар аны сабап, тепкилеп, башына желим баштык кийгизип, арматура менен сабашкан. Натыйжада адам эсин жоготуп, жада калса заара кылган.

“Адилет” уюмунун юристи Нурислам Райымжановдун айтымында, соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Нурубековго карата кыйноо фактылары тастыкталган.

Укук коргоочулардын айтымында, милиция кызматкерлеринин кызматтан алынышына Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын демилгеси жана акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кийлигишүүсү себеп болгон. Ага чейин милиция кызматкерлери үч жыл бийликте иштешкен.

Кызматкерлерди убактылуу иштен четтетүү боюнча токтомдун көчүрмөсү аткаруу үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости