www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев Казакстанга барып, ар кандай калптарды айтып, кызыл тилин сайратып, эрикпей, талыкпай журналисттерге маек куруп берди. Мына жакында президент Садыр Жапаров “Кумтөр башында эле туура эмес иштетилип баштаган” деди.

Чынында эле кенди иштетүү Аскар Акаевдин убагында башталган. Кыргызыстандын кызыкчылыктарын саткан келишимдерге да Аскар Акаев кол койгон, ошондой жасаган кылмыштарын мойнуна албай, жооп бербей, жазаланбай качып жүрөт.

Турсунбек Чынгышев аттуу өкмөт башчы агезде “аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деп айтып, Акаев өлкөнү ууруларга талатып-тонотконун далилдеп койгон. Ал өлкөнү тышкы карыздарга батырып, элди итке мингизип, сызга отургузуп кеткени менен иши жок сыяктуу.

Ошондой чоң каталары үчүн 2005-жылы эл Аскар Акаевди кууп чыккан.

Эми “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болуп, ар кандай жомокторду айтып, элди дагы деле алдап келатат. Сексенге жакындаганда чындыкты эле айтса болмок, бирок, “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей эле кеп да.

Анын шыпырылтып айткан кызылдай калптарын Майрам Акаевага бүгүлүп кошомат кылып, үй-бүлөгө баш-оту менен берилген экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов эле кубаттабаса, башкалар “баягы калпычы Аскар Акаев да” деп мыйгынан күлүшүүдө.

Булак: Азия News гезити

Последние новости