www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс­депутаты, Бишкектин экс­мэри Нариман Түлеевдин башына түшкөн азапты жыландын баласына да каалабайбыз. Эл ичинде жасаган ишине жараша кадыр­баркы өсүп келаткан бул кыргыздын патриот уулун камакка алуу, соттоо, мүлкүн тартып алуу көрсө, бир гана максатта ишке ашып жатыптыр – бийлик ээлери Наримандын байлыгын өздөрүнө оодарып алууга кызыкдар тура...

Соңку кездерде Түлеевдерге тийиштүү “Сапат центр”, “Караван” ж.б. түйүндөрдү чак түштө бандиттерче басып алып жатышканына күбө болуп калдык. Ак үйдөгү айрым билермандар Түлеевдерге карата куугунтуктун артында президент Атамбаев жеке өзү тургандыгын айтып жүрүшөт. Мындан мурда, Нариман биринчи миллионду тряпка­ материал ташып, б.а. мандай тери менен тапканын айткан. Ошол эле маалда, ажо байлыкка таза эмес жол менен жеткенин кыйыткан. Балким, ушул жагдайга президент нааразы болуп жүргөндүр, ай ким билет!

Анткен менен, бийлик тарабынан уюштурулган куугунтуктун айынан Нариман Түлеевдин үй­бүлөсү аябай катуу жабыр тартты. Баласынан ак жеринен капаска түшкөнүнө чыдай албай Ташболот ата дүйнөдөн кетти. Эми болсо, Наримандын өзүнүн ден­соолугу начарлап, Германияда дарыланып жатат. Минтип колунан иш келген мыкты балдарыбызды мекенибизге керек болуп турган учурунда ой­боюна койбой куугунтуктап, ден­соолугунан ажырата берсек, эртең Кыргызстанды кризистен ким чыгарып, ким экономиканы көтөрөт? Андан көрө ишке салып, тажрыйбасын пайдаланып калбайлыбы?

Булак: Саясат.кж

Последние новости