www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүндөн баштап мектеп окуучулары жапырт мектепке бара башташты

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн мектептерде иш алып барууда. Бүгүн, 18-январда жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары күнүмдүк тартипте окуп баштагандыктан, алардын коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы бекитилген мектептерге барып, иш алып барууда.

Кызматкерлер мектептин айланасындагы аймактын коомдук коопсуздугун карап, коомдук тартипти орнотуу менен, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн, алар эртең менен мектепке келген убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап турууда.

Ошондой эле алгачкы класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн, жөө өтмөктөн жана жол чырактын өткөрүү, ата-энелер алгачкы класстын окуучуларын мектепке алып келген учурда жол тыгынын болтурбоо максатында, мектепке жакын жолдордун кесилиштеринде жол тыгынын кол менен жөнгө салууда.

Мындан улам милициянын кайгуул кызматы алгачкы класстардын окуучуларынын ата-энелеринен кайрылат.
Буга чейин онлайын режиминде окуп, көп убакыт тыныгуу болгондуктан, балдардын мектепке барып келчү маршруттук жолу калыптагыча жаш балдарды чоңдордун коштоосу менен мектепке алып барып, алып келүүнү суранат.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости