www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүп жаткандыгын билдирген ӨКМ айдоочулардын жолго камданып чыгуусун эскертти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгү кабарланган. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.
30-октябрда күндүз жаан-чачын болбойт. Эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Ал эми түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшүшү күтүлөт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жамгыр болуп, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.
Аба ырайынын мындай божомолунан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы бузулган убакта автожолдорду көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жүрүшүн кыйындата тургандыгын эскерткен.
Республика ичинде тоодогу автожолдорго чыгууга камынган айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:
ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндөгү маалыматын эске алуу;
Тоодогу автожолдордо бара жатканда автокөлүктөрдүн ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
Автоунааларды кышкы даярдыкка өткөрүү (дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.);
Аптечка, чынжырча, күрөкчөнү кошо ала жүрүү.
Булак: NazarNews.kg