www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала-Арча" жаратылыш паркына мурдагыдай жетекчилер же кызматкерлер тааныштарын “бекер жаткыруучу” учур артта калды. Мындай пикирин президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

"“Ала-Арча” жаратылыш паркында урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров сунуштап жаткан мамлекеттик саясаттын эки негизги багытын ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Бул — санариптештирүү жана экологияга аяр мамиле.

Бүгүн, Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык,бир күн майрамга карата “Ала-Арча” жаратылыш паркына кирүү акысыз болуп уюштурулду.

Биз баарыбыз түшүнөбүз: санариптештирүү — бул келечек. Бул багытта дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер бүгүн мыкты натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Алардын ийгилигин карап туруп, өзүбүздөн: эмне үчүн биз андай боло албайбыз? — деп суроо салууга убакыт келди. Биз деле муну жасай алабыз. Бизде да мүмкүнчүлүк бар. Болгону чечкиндүү кадам керек болчу. Мына, ошол кадамды биздин Президент жасап берди.

Эми “Ала-Арчада” кирүү толугу менен QR-код жана банктык карта аркылуу жүргүзүлөт. Накталай акча кабыл алынбайт. Мейманканаларда акылдуу кулпулар коюлган. Кирип-чыккан коноктор автоматтык катталат, канча киши келди-кетти — так эсептелет. Мурдагыдай жетекчилер же кызматкерлер тааныштарын “бекер жаткыруучу” учур артта калды.

“Ала-Арча” — санариптешкен, экологиялык талаптарга жооп берген, эл үчүн ыңгайлуу жаңы коомдук мейкиндикке айланып баратат. Бул — башталышы гана. Биз бул жолду улантабыз.

Быйыл убада кылган асма жол (Канатная дорога) бүткөрүлөт. Учурда 3 кабаттуу экомейманкана бассейни менен салынып жатат. Мындан тышкары, тоонун боорунда 20дан ашык A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулууда. Ал жакка келечекте асма жол менен да барууга мүмкүн болот. Кудай буюрса, бул жай жаратылыш менен айкалышкан, өзгөчө көрк берген уникалдуу аймакка айланат.

Биз мамлекет катары экология менен технологиянын ортосунда тең салмакты табышыбыз керек. Президент баштаган жол — ушул келечекке бет алган туура багыт. Биз аны сөз менен эмес, иш менен колдойбуз", - деди Туманбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн 1-майда "Ала-Арча" жаратылыш паркынын ачылышы болуп, Эмгекчилердин күнүнө карата, кирүү акысыз болду. 

Последние новости