www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ч.Б.А. 1992-2012-жылдар аралыгында Лебединовка айыл аймагынын башчысы кызматын ээлеп турган маалда Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында жалпы аянты 23 гектардан ашуун жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылган.