www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майда Кыргызстандын 20 жараны Нью-Йорк-Ташкент-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин АКШ Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган 100дөн ашык мыйзамсыз мигрантты депортациялаганы белгилүү болгон.

Каттам Өзбекстан Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

Америка тараптын маалыматына ылайык, аталган жарандар Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалып, атайын борборлордо кармалган. Бардык иммиграциялык процедуралар, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.

Кыргызстандын АКШдагы жана Өзбекстандагы чет өлкөлүк мекемелери кыргызстандыктардын мекенине аман-эсен жана өз убагында кайтып келишин уюштуруу максатында кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен тынымсыз байланышта болууда.

Последние новости