www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тумоолоп калган балдарга биринчи жардам

Республикалык штаб баланын курч респиратордук жугуштуу ооруларга чалдыгып калганынан кабар берген белгилерди тизмектеп, ата-энелерге пайдалуу кеңештерди берди.

Билдирмеге караганда, бала сыркоолоп калганда мурду бүтүп, башы ооруп, тамак жебей, дене табы көтөрүлүп же чыйрыгып баштайт.

"Бул учурда аны мектепке же бакчага жөнөтпөңүз. Тамак ич деп кыйнабаш керек. Анткени бул учурда анын организми бардык күчүн оору менен күрөшүүгө жумшап калат. Суюктукту (компот, чай, суу) көп бериш керек. Бирок суунун өлчөмүн педиатрдан тактап алган дурус. Дене табын текшерип туруу зарыл. Адатта 38 градуска чейин вируска антителолор иштелип чыгат. Кокус 38 градуска чейин эле өзүн начар сезе баштаса дене табын түшүрүү керек", — деп айтылат маалыматта.

Баланын дене табы 39-40 градус болуп кетсе, Тез жардам кызматын чакыруу зарыл. Ал келгенге чейин дозасын аймактык дарыгерден алдын ала билип алып, ибупрофен же парацетамол берүү зарыл. Боор ооруган шартта балдарга гана эмес чоңдорго да парацетамол ичүү кооптуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости