www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандан 13-январдан баштап ЖККУ (ОДКБ) өз аскерлерин чыгара баштады. Бул маалыматты алыш үчүн Путин Шойгуну өзүнө чакырып, ЖККУ (ОДКБ) Казакстанда башаламандыкты токтоткону үчүн ага алкыш жарыялады. Шойгу мисирейип туруп «рахмат» деп койду. Саясат татаалданып баратат, Украина НАТОго кирсе Орусия ага өз аскерин кийирүүгө даяр. АКШ болсо Путин баш болгон Мишустин, Шойгу, Лавровду кара тизмеге кошкону жатат.

Шойгу жакпагандарын жок кылып, көңүлү толгондорун көтөрмөлөгөн шаманизм духуна ээ. Министрдин өзү - суперкурал, ал бир дивизия экстрасенстерден артыкчылык кылат! Мисалы, Шойгу Зимбабвенин коргоо министри менен жолугушат; африкалыктар орустардын жардамына кол шилтеп коюшат, бир нече убакыттан соң төңкөрүш болуп, бийлик алмашып кетет. Шойгу вьетнамдык лидер Чан Дай Куан менен жолугушат, Ал Шойгунун сунушуна моюн толгоп койот, бир айдан соң ал рактын белгисиз формасынан улам каза болот. Шойгу Португалиянын өкмөт башчысы менен жакшы пикирде жолугушат, ал тез эле жогорулап БУУнун (ООН) генсекине секирип кетет.

Орусиянын оппозициясы менен батыш өнөктөштөрүнүн Орусиянын мамлекеттик түзүлүшүнө кине коюп жатканы чындык. Бир гана уникалдуу, күчтүү лидер бар. Калган саясий жайыт тамырына чейин чалгы менен чабылгандай. Батыш демократтары лидерден башка, анын чынжырына бекемделген бир нече саясатчыларды айтып жатат. Алардын бири - Сергей Шойгу. Аны батыштагылар мистика менен байланыштырат. 90-жылдардагы маалымдуулук атмосферасына бөлөнгөн учурда пайда болгон НЛО, психотрондук куралдар жана башка магиялык маалыматтарды Шойгу менен байланыштырышат. Шойгунун мистикалык жана магиялык компетенциясы батышчылардын пикири боюнча ченемсиз.

Баарын башынан Шойгунун пайда болушунан айтып көрөлү. Тува – Шамбаланы издегендер үчүн абдан табышмактуу аймак. Бул жерде жергиликтүү жашоочулардын арасында шаманизм абдан өнүккөн. Жергиликтүү журналист Кужугет менен зоотехник Александранын уулу Сергей Шойгу байыркы эң күчтүү шамандар уруусунан. Булар өздөрүнүн магиялык жөндөмдүүлүктөрүн Чыңгыз-хан империясынын мыкты кол башчысы Сүбөдөйдөн бери сактап келатат. Сүбөдөй 1241-жылы Легницте европалыкиардын бириккен аскерлеринин таш-талканын чыгарган.

Сергей Шойгу Ачинде прораб болуп көпкө отурган жок. Башында курулуштун жетекчиси болуп жүрүп, жаңы жаралган Орусиялык МЧСтин жетекчиси болуп келет. Эмне себептен ал МЧСке жетекчи болуп келди? Башкысы кудай кубат берген күчтүү шаман Шойгу капыстан келе турган оор кырсыктарды алдын-ала туюп, андан тышкары өзгөчө кырдаалдар Орусиянын башына түшкөндө, ал кесепеттерден жеңил чыгып кете турган касиеттерге ээ.

2012-жылы Сергей Шойгу Орусиянын Коргоо министринин ордун алат. Ушул жерден Сергей Кужугетович толук жүзүн ачты. Сергей Шойгу министр болгону Орусияда ПРО сыяктуу системалар жана башка энергиянын мобилдик  континенталдуу тармактарынан азыктанган курал-жарактар пайда болуп, дүйнөнү сестентип турат.

Парапсихологиянын согуштук ыкмаларын алсак, кызыктын баары ушул жакта. Сейфте жаткан жашыруун документтерди алыс аралыкта туруп эле окуп койо турган жана компьютердик тармактарга сүңгүп кирип кете ала турган менталдуу ыкмалары түзүлгөн. Бекер жерден батыш «киберфобия» деп, «орус хакерлерин» канча иликтегени менен, анын сырларын ача албай бушайман.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости