www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4- мартка караган түнү Бишкек — Ош унаа жолунда автокырсык болуп, жети адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жеринде болуп, анда Mercedes-Benz Vito менен Honda Jazz автоунаалары кагылышкан.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу, Тез жардам жана ИИМ кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен.
Жыйынтыгында, жабырланган алты адамды Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткиришсе, маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Булак:NazarNews.kg